Россиялык басылмалардын жазганына таянсак, 24-сентябрга караган түнү "Петровско - Разумовская" метросунун станциясынан алыс эмес жерде кылмыш болгон. 27 кыз жумушунан кайтып келатканда бейтааныш эркек жер алдындагы өткөөлгө чейин жеткирип коерун сунуштаган. Бирок, темир жолго жетишкенде кызды зордуктап, смартфонун, алтын сөйкө, шакек, браслетин алып качып кеткен.
Кылмыш болгон жерден полиция кызматкерлери капчык табышкан, анын ичинде документтер, Кыргызстандын 29 жаштагы жаранына берилген паспорт болгон. Шектүүгө издөө жарыяланды.