Депутат Карамат Орозова акыйкатчылыкка талапкерлерге сунуш киргизди.
"Араңарда жалгыз айым - Рита Карасартова бар экен. Силер бир айымдын пайдасына жол бошотуп бергиле", - деди эле, катар тизилип отурган мырзалар сылып-сыпаа гана баш тартып коюшту.
"Бул албетте, биз тараптан мырзалык болот. Бирок, Рита Карасартованын укугун бузганга тете", - деди Токон Мамытов.
Депутат Рыскелди Момбеков бул укукту бузуу эмей эле, жигиттик кадам болоорун белгиледи. "Бул жерде отурган жигиттердин бири да укукту толук кандуу коргой албайт", - деди ал. Бирок, анын айтканын да эркек талапкерлер көңүлгө алып коюшкан жок.
Акыйкатчылыкка Канатбек Азиз, Токон Мамытов, Рыскул Бактыбаев жана Рита Карасартова талапкерлигин коюшкан.