2018-жылдын 18-сентябрь күнү Аки-пресс сайтына Баткен районунун тургуну Сайтраим Абдилатов “менин балам жол кырсыгын жасаган эмес, Кызыл-Кыя ШИИБү туура эмес текшерүү иштерин жүргүзүп жатат”,- деп пресс конференция өткөргөн. Ошондой эле “Супер кг” интернет сайтында “Уулум соттолгону турат, акыйкат издеп Баткенден Бишкекке аттандым”,- деп 63 жаштагы Сайтраим Абдилатовдун маалыматы жарыяланган.


Ошол себептүү Ички иштер министрлиги окуя тууралуу жана тергөө иликтөө иштерини жүрүшүн териштирип, бир катар фактыларды аныктады. Жол кырсыгы  2018-жылдын 25-августунан 26-августуна караган түнү Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылынын Кыпчаков көчөсү менен М.Сартбаева көчөсүнүн кесилишинде жолчырактын астында болгон. Анда белгисиз автоунаа Ош облусунун Араван районунун Найман айылынын тургуну 1977-жылы туулган Н. Маманазаровду койдуруп, андан соң окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Натыйжада 41 жаштагы Н.Маманазаров денесинен алган жараатынан улам окуя болгон жерде каза тапкан.


Бул факты боюнча Кызыл Кыя шаардык ички иштер бөлүмүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасыны кылмыш жаза кодексинин 281-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлгөн. Тергөө иликтөө иштеринин жүрүшүндө окуя болгон мезгилдеги жана окуя болгон жерге жайгашкан дүкөндөгү видеобайкоодогу тасмалар алынып кароо жүргүзүлгөн. Мындан сырткары Кызыл-Кыя шаарынан Баткен районуна чейинки аралыкта коюлган видеобайкоодогу бардык тасмалар алынып кароо жүргүзүлүп, ошонун жыйынтыгында Баткен районунун тургуну 20 жаштагы Саитраим уулу Кимсанбайга таандык болгон “Тойота-Камри” болгон мамлекеттик 01KG 028 АВТ үлгүсүндөгү автоунаасы аныкталып кармалган.


Калыстардын катышуусунда кармалган автоунаага кароо жүргүзүлгөндө, алдыңкы крылосу менен бамперинин астынан кызыл түстөгү канга окшош тактар алынып, окуя болгон жерден алынган канга окшош кандын тактары, автоунаадан алынган тактар жана маркумдан алынган кан менен биргеликте соттук-биологиялык экспертизалар дайындалган.


Экспертизанын корутундусунда маркумдун каны болушу мүмкүн экендиги аныкталган. Ошондой эле соттук медициналык экспертизанын корутундусунда 41жаштагы Н. Маманазаров авто жол кырсыгынан баш сөөгүнөн алган жараатынан улам каза болгондугу аныкталган. Ал эми Саитраим уулу Кимсанбай 2018-жылдын 13-сентябрында шектүү катары кармалып, ага айыбы угузулуп, Кызыл Кыя шаардык сотунун чечими менен 27-октябрга чейин Кызыл Кыя ШИИБнын убактылуу кармоо жайына киргизилген.


Жол кырсыгына шектүү “Камри” автоунаасы калыстардын катышуусунда таануу процесси жүргүзүлүп, окуянын кырдаалын жана жагдайларын кайрадан карап чыгып, тиешелүү протоколодор түзүлгөн соң, автоунаа атайын жайга токтотулган. Ошол жол кырсыгы болгон түнү окуяга күбө болгон Кызыл Кыя шаарынын тургундары 19912-жылы туулган Г.Ж. жана 1991-жылы туулган А.К. тергөөгө өз көрсөтмөлөрүн беришкен. Бүгүнкү күндө жогорудагы кылмышты ар тараптуу, обьективдүү тергөө үчүн дагы кошумча экспертизалар дайындалып, толук кандуу тергөө амалдары жүрүп жатат.


Ал эми  Саитраим уулу Кимсанбайдын Бишкекке акыйкат издеп жөө аттандым деген атасы Сайтраим Абдилатовду туугандары бүгүн, 26-сентябрда  үйүнө алып келишкен.