Жогорку Кеӊеште бир катар укук коргоо жаатындагы бир катар мыйзамдарды өз ара шайкеш келтирүүгө багытталган “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечи – Өкмөт.
Баяндамачынын айтымында, КР Кылмыш-жаза кодексин, КР Жоруктар жөнүндө кодексин, КР Жазык-процесстик кодексин, КР Жазык-аткаруу кодексин, КР Бузуулар жөнүндө кодексин, “Пробациялоо жөнүндө”, “Мунапыс негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруу чараларынын алкагында “Бузуулардын бирдиктүү реестрин” иштеп чыгуу жана жайылтуу боюнча мекемелер аралык жумушчу топ түзүлгөн.
“Ошонун негизинде жаӊыдан кабыл алынып, 2019-жылдын башынан тарта күчүнө кире турган бир катар мыйзамдар өз ара шайкеш келтирилүүдө”, - дейт ал.