Орусиянын борбору Москва шаарында миңдеген мекендештерибиз Мамлекеттик тил күнүнө арналган Кыргыз тил майрамын белгилешти. Бул иш-чара Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев баштаган активист мигрант жаштардын демилгеси менен өтүп, чет жердеги эмгек мигранттарынын ортосундагы футбол турнири менен коштолду.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ошондой эле, тил майрамында “Кыргыз тил” коомунун президенти Раимжан Курбанов кыргыз тил жөнүндө ырларды окуп берди. Москвадагы мекендештер арасындагы футбол турнирине жалпысы 60 команда катышып, жыйынтыгында Сокулук району чемпион аталып, акчалай сыйлыкка ээ болду.