24-сентябрда ЖК депутаты Аида Касымалиева социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин жыйынында Социалдык өнүктүрүү жана эмгек министрлигинин жетекчилигинин, анын арасында министрдин орун басары Лунара Мамытованы дипломатиялык паспортту өз кызыкчылыгына колдонгон деп айыптады. Ага байланыштуу аталган министрлик Лунара Мамытованын иш сапарлары тууралуу маалымат берди.
Мамытова Лунара Улукбековна социалдык өнүктүрүү жана эмгек министринин орун басарлыгына 2016-жылдын 15-ноябрында дайындалган. Анын айтымында, бул убакыт аралыгында болгону үч жолу чет өлкөлөргө чыккан. 2017-жылы Италиянын Турин шаарына, социалдык коргоо боюнча МОТ Академиясынын Жетинчи сессиясына катышуу үчүн барган. 2018-жылдын 30-апрелинен 11-майына чейин АКШда курска катышкан Бул эки иш сапардын тең демөөчүлөрү чакырган тарап болушкан. Ал эми Хайнань аралына эмгек эргүүсүндө жүргөн учурда өз каражатына барып келген жана дипломатиялык паспортун колдонгон эмес.
Ошондой эле ал иш сапарлардын алдында тийиштүу тарапты кабардар кылган жана бардык эрежелер сакталган.