Улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитети коррупцияга каршы күрөштө өндүрүлгөн каражаттарды топтоо үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке дагы 5 миллион 893 миң 330 сом которгонун кабарлады.
Маалыматка караганда, аталган сумманын 3 миллиондойу Ысык-Көл облусундагы “Кумтөр оперетинг компани” ишканасына транспорттук кызмат көрсөткөн “Ф.Т.” фирмасынын мамлекетке төлөбөй жүргөн салыктарынын эсебинде алынган.
Ал эми 1 миллион сомдон ашыгы “Ш.К.” аттуу курулуш фирмасы Тоң районундагы социалдык объектилерди курууда курулуш каражаттарын көп эсептеп, ага кеткен акчаны өз кызыкчылыгына пайдаланганы үчүн ачылган кылмыш ишинин негизинде өндүрүлгөн. Калган каражаттар башка кылмыш иштери боюнча өндүрүлгөн.
Жалпысынан болуп УКМК бирдиктүү эсепке 149 миллион 493 миң 330 сом которду.