Бишкектеги Биринчи Май райондук соту экс-мэр Кубанычбек Кулматовдун паспорту боюнча ишти карап жатат. Анын коомдук жактоочусу Токтайым Үмөталиева Каттоо кызматынын арызын артка кайтаруу өтүнүчүн сотко жолдогон болчу, бирок аны канааттандырган жок. Ошондой эле адвокат Сергей Слесарев да иш каралып жатканда УКМКны да үчүнчү тарап катары катыштыруу талабын койду эле, сот аны да четке какты.
21-сентябрда Мамлекеттик каттоо кызматы Кубанычбек Кулматовдун жарандык паспортун жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Мекеме буга Кулматов 1996-жылы Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алганын жүйө келтирген. Кийин УКМК бул боюнча түшүндүрмө берип, Кубанычбек Кулматов СССР убагында алган паспортун жоготуп койгонун айтып, Орусиянын да Кыргызстандын паспортун жана жарандыгын алып алганын билдирген.