Майлуу-Суу шаарындагы аскер бөлүгүнүн кырсыкка учурап, эки колунан ажыраган жоокери Руслан Сапарбаевге Башкы штаб убада кылган протезди алып бере элек. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдырасулова билдирди.
Айтымында, Башкы штабдын кызматкерлери бир күндүк эмгек маяналарын которушкан. Ал болгону 80 миң сомго жеткен. Мындан башка жоокердин үй-бүлөсү эч кандай материалдык колдоо алышкан эмес.
"Биз Роза Отунбаевага жана президент Жээнбековго көмөк көрсөтүүнү сурап кайрылдык. Руслан Сапарбаев үйүндө жалгыз уул экен", - деди укук коргоочу.
Эске салсак, окуя 19-августта болгон. Жоокердик милдетин өтөп жаткан Сапарбаев токко урунуп, дарыгерлер эки колун кесүүгө аргасыз болушкан.