АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин кызыкчылыгына маалымат берди деп айыпталган министрликтин мурдагы жана учурдагы кызматкерлерине карата соттун өкүмү чыкты. Бул тууралуу КР ИИМден билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, жоопкерчиликке тартылган адамдар мурда ички иштер органдарында кызмат өтөгөн. Андан кийин АКШ элчилигине жумушка орношкон. Алар  ички иштер органдарында чогуу иштешкен кесиптештеринен маалымат алып турушкан. Анда айрым машинелердин номерлерин тактап, андан соң АКШнын элчилигине кабарлашкан. 

 

Жогорку Сот бул иш боюнча сот өкүмү купуя маалымат катары таанылганын кабарлады. Жогорку Соттун маалымат катчысы Сюита Соурбаеванын айтымында, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда мындай кылмыш иштин каралганы анык, бирок “купуя маалымат” катары гриф ыйгарылганы үчүн соттун өкүмү жарыяланбайт.

 

Ал эми АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен бул окуя боюнча эч кандай комментарий берилбей турганын кабарлашты.