Жакынкы эки жылда КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүндө эл каттоолор өткөрүлөт. 2019-жылы эл каттоо Азербайжанда, Белорусияда жана Казахстанда, 2020-жылы - Арменияда, Россияда, Тажикстанда жана Кыргызстанда катоо жүргүзүлөт. Мамлекеттик маанидеги эл каттоо иштерине даярдык боюнча Улутстаткомдун төрагасы Акылбек Султанов менен “Саясат.kg” агенттиги маектешти.
- Акылбек Шакирович, бүгүнкү күндө Кыргызстандын калкынын саны канча?
- Биздин статистикалык маалыматтар боюнча, 2018-жылдын башына Кыргызстандын калкынын саны 6 миллион 257 миң адамды түздү. Анын ичинде, 3 миллион 102 миңи эркектер (49,6 пайызы), 3 миллион 155 миңи аялдар (50,4 пайызы).
- Эл каттоо акыркы жолу качан өттү эле?
- Кыргыз Республикасы көз карандысыздыкты алгандан кийин Биринчи улуттук эл каттоо 1999-жылы өткөрүлгөн - анда 4,8 миллион адам, акыркы жолу 2009-жылы - 5,3 миллион адам катталган. Алдыда боло турган эл жана турак-жай фондун каттоо - 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин атайын даярдалган каттоочулар тарабынан элди сурамжылоо жолу менен өткөрүлөт. Ош облусунун Сары-Таш, Сары-Могол, Чоң-Алай, Жекенди айыл аймактары, Ысык-Көл облусунун Ак-Шыйрак, Эңилчек айыл аймактары сыяктуу республиканын алыскы аймактарында каттоо 2020-жылдын 20-апрелинен 29-апрелине чейин өткөрүү белгиленип жатат, алыс жайгашкан айылдар бардыгы болуп – 144 эл жайгашкан пункту бар.
- Алдыда боло турган каттоо өткөн каттоолордон эмнеси менен айырмаланат?
- Алдыда боло турган эл каттоонун негизги айырмасы, жыйынтыгында эмгек ишмердиги жана миграция боюнча маалыматтарды алууга мүмкүндүк бере турган, эмгек миграциясы боюнча маселелердин моделдик блогу КМШ жана ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин каттоо барактарына киргизилгендиги саналат.
Ошондой эле суроолор жыйнагына биринчи жолу – туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын (ТӨМ) индикаторлору киргизилди – бул элдин мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелиши боюнча маселелер, башкача айтканда, “сизде көрүү, угуу, басуу боюнча көйгөйлөр барбы” дегендей. Бул суроолор өлкөдө ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген канча адам жашай тургандыгын аныктоого мүмкүндүк берет.
2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоо Кыргыз Республикасынын "Таза Коом" санариптик трансформациялоо программасынын алкагында өткөрүлөт жана каттоонун даярдык көрүү мезгилинде Улутстатком МККнын администрациялык маалыматтарынан, башкача айтканда, даректик регистрден, кыймылсыз мүлк реестринен жана геомаалыматтык системадан – санариптик карталарды колдонот. Каттоочу кызматкерлер тарабынан тизмелерди түзүү учурунда мурдагы үй-ээлеринин жана МККда катталбагандардын, ошондой эле турак жайлар жана аларда адамдар жашаган курулуштардын даректери такталат.
- Эл каттоо кандай өткөрүлөт?
- Эл каттоо сурамжылоо жолу менен өткөрүлөт, бүгүнкү күнү бир нече формалардан турган суроолор тизмегинин долбоору иштелип чыкты:
• “Каттоо барагы – жашоочулардын тизмеси” адамдар жашаган ар бир үй-жай үчүн толтурулат. Ошону менен бирге бул тизме ар бир батир, үй, башка жашай турган жери жок, адамдар туруктуу жашаган дача; жатаканалардагы, балдар үйлөрүндөгү, мектеп-интернаттардагы, карылар жана майыптардын үй-интернаттарындагы, ооруканалардагы, мейманканалардагы жана башка көмөкчү мекемелердеги ж.б. ар бир бөлмөгө карата түзүлөт.
• “Калк - каттоо барагы” бул үй чарбада жашаган ар бир адамга өз-өзүнчө толтурулат.
• “Каттоо барагы – турак жай фонду” турак жай жана анын турмуш-тиричилик шарттары жөнүндө суроолорду камтыйт, күн батарейкаларынын панелдерин, биогаз, уюлдук байланыш Интернет тарамы, компьютерди пайдалануу тууралуу жаңы суроолор да киргизилди.
- Каттоонун жүрүшүндө кандай суроолор берилет?
- Туулган күнү, үй-бүлөлүк абалы, улуту, жынысы, төрөлгөн өлкөсү, өлкөдө убактылуу болбогондугу же убактылуу келгендиги жөнүндө белгилердин болушу; жарандыгы, тилдерди билиши, миграцияга катышы бар экендиги, билими, азыркы учурда окуу жайларга же бала-бакчага барабы же жокпу, ушул сыяктуу суроолор. Жумушу жана жашоого карата булактары тууралуу маалыматтарды алабыз. Ошондой эле, компьютер, интернет, мобилдик байланыш менен колдонууну биле тургандыгы жөнүндө маалыматтарды да эске алабыз. Мындан тышкары, аялдардан балдарынын саны, алардын канчасы аны менен бирге жашагандыгын жана канчасы өз алдынча жашай тургандыгын сурайбыз. Каттоо – бул тастыктоочу документтерсиз, респонденттердин сөздөрүнөн, элдин бардык мүнөздөмөлөрүн бир эле учурда алууга мүмкүндүк берүүчү булагы экендигин дагы бир жолу белгилей кетсем болот.
- Маалыматтарды чогултууга канча адам тартылат?
- Каттоого даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн бүткүл мезгили ичинде, каттоонун маалыматтарын иштетүүдө жана Кыргыз Республикасынын эл жана турак жай фондун каттоонун жыйынтыктарын алууга 25 миң адам ишке тартылат, алардын ичинен каттоочулардын саны эле 18 миңди түзөт. Бүтүндөй өлкөнүн аймагында 560 каттоо бөлүмдөрү, 4 миңге жакын инструктордук участоктор түзүлөт.
- Эл каттоо мамлекетке эмне алып келет?
- Эл жана турак жай фондун каттоо – бул айрым социалдык, демографиялык жана экономикалык белгилери боюнча өлкөнүн аймактарында жашаган бардык элдин санын расмий эсепке алуу мезгилинде регулярдуу интервал аркылуу өткөрүүгө мүмкүндүк бере турган мамлекеттик маанилүү иш-чара. Жалпы эл каттоонун негизине өзүн-өзү аныктоо принциби кабыл алынды, б.а. керектүү маалымат тастыктоочу документтерден эмес, респонденттин сөзүнөн алынат. Каттоодо адамдын жарандыгына же каттоосуна, турак жайынын бар же жашаган ордунун жоктугуна карабастан, бүт эл эсепке алынат.
Каттоонун жыйынтыктары демографиялык жана социалдык саясатта, ошондой эле өлкөнүн жана региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдоолорун жана программаларын иштеп чыгуу үчүн да кеңири колдонулат. Маалыматтар мамлекеттик жана коомдук турмуштун ар түрдүү тармактарында да колдонулат. Эл каттоо коомдун абалын, анын экономикасын, социалдык чөйрөсүн, ж.б.у.с. тигил же бул көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүүгө мүмкүндүк берет.