Бүгүн, 24-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров “Агро камсыздандыруу: көйгөйлөр жана мүмкүнчүлүктөр” аталышындагы тегерек үстөлгө катышты. Ошондой эле аталган иш-чарада Өкмөт өкүлдөрү, тармактык адистер жана фермерлер ой бөлүштү.
Жыйында айыл чарба тармагындагы камсыздандыруу ишинин маанилүүлүгүнө токтолгон төраганын орун басары Мирлан Бакиров: “Табигый шарттарга же кырсыктарга байланыштуу, малы же түшүмү чыгымга учураган дыйкандар менен фермерлер арбын. Алар камсыздандыруунун жоктугунан улам өз чыгымдарын өздөрү толтурууга мажбур”, – деди.
Ошондой эле “АТН Полис” камсыздандыруу компаниясынын өкүлү Эрнис Абдыкеев Кыргызстанда эки гана компания агрокамсыздандыруу ишмердүүлүгү менен алектенерин белгилеп, аталган тармакты өнүктүрүү менен айыл-чарба ишин өркүндөтүүгө болорун кошумчалады. Бул үчүн башка өлкөлөрдүн тажрыйбасына көңүл буруу зарылчылыгын айткан Эрнис Абдыкеев Түркияда агро камсыздандыруу иши жакшы жолго коюлганын маалымдады.
Жыйында фермердик чарбалардын өкүлдөрүнүн да пикирине орун берилип, кеңири талкуу болду.