Бүгүн, 24-сентябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында «Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө» мыйзам долбоору 1-окууда каралды.

 

КР Айыл чарба, тамак аш өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашевдин айтымында, бул мыйзам долбоорун кабыл алуу республикадагы үрөнчүлүктүн өнүгүүсүнө тоскоолдук болгон эки негизги маселени чечүү үчүн укуктук негиз түптөөгө жол берет. Биринчиден, айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү сертификатталган сорттуу үрөндөрдү төмөндөтүлгөн баада сатып алууга мүмкүндүк алышат, бул түшүмдүүлүктү жана өндүрүлгөн продукциянын сапатын жогорулатууда оң натыйжага алып келет. Экинчиден, үрөнчүлүк чарбаларына өстүрүлгөн үрөндөрдү толугу менен дотациялык баада сатууга мүмкүндүк берет. Муну менен алар өздөрүнүн финансылык абалын бекемдеп, сертификатталган сорттуу үрөндөрдү өндүрүүнүн көлөмүн бир кыйла жогорулата алат.

 

Талкууда депутаттар Абылкайыр Узакбаев, Мирлан Бакиров айыл чарбасындагы тармактык чарбаларды (асыл тукум мал чарбасы жана башка чарбалар) комплекстүү өнүктүрүүнү максат кылып, бир мыйзам долбоору кылып алып келүү зарылдыгын белгилешти. Мирлан Бакиров, мындай иш-аракеттерди ыкчам көрбөсө коңшу мамлекеттердин айыл чарба продукциялары үстөмдүк кылып кетерин эскертти. Ал эми депутат Алмазбек Акматовдун пикиринде, үрөн чарбасын өнүктүрүүдө эң алды менен мындай чарбалар үчүн жер маселесин чечип берүү керек.

 

Жыйынтыгында айтылган сунуштарды эске алуу менен мыйзам долбоорунун концепциясын жактыруу чечими кабыл алынды.