Социалдык өнүктүрүу жана эмгек министринин мурдагы орун басары Зууракан Каденова Сеулдагы абамайданындагы окуянын чоо-жайын мындайча айтып берди:
"Эйр Астана" авиакомпаниясына таандык учактын бортунда ичимдик ичип, мас алабында жаңжал салды деген калп маалымат. Сеулда мен Корей эл аралык кызматташтык агенттигинин чакыруусу менен барып, 20 күн окудум. Мени менен кошо министрликтин дагы бир кызматкери барган. Кореяда мен диета кармап, 5 кг арыктадым. Дагы эки кг ташташым керек деп тамалашап калчумун. Акыркы убакта жүрөгүм кооптондуруп жүргөн. Учакка чыгаар алдында валерьянка ичтим. Бортко суюктукту чыгарбагандыктан баарын ичтим. Негизи 30 тамчы ичиш керек эле, а мен 40тай тамчы ичип алдым окшойт. Каттоого жетишпей калып, чуркап жеттик. Андан кийин эки бөтөлкө кока-кола ичтим. Орундукка отуруп, ременди тагынданган кийин өзүмдү жаман сезе баштадым. Дааратканага барайын десем, стюардесса ачыла элегин айтып, макул болгон жок. Ал пакет алып келип берди, а мен эки жолу окшудум. Ачарын дары ичип алганыма жаман болдум окшойт".