"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди жүрөгү кармап каза тапты деген кабар 22-сентябрда соцтармакта пайда болду. Колдонуучу маалыматты жарыялап, анан бир нече убакыттан кийин өчүрүп таштаган. 

 

Аталган партия бул маалыматты четке кагып, Текебаев №47 абакта жаза мөөнөтүп өтөп жатканын белгиледи. 

 

"Мындай кабар таратуу кимге зарыл болгонун билбейбиз", - деген партия. 

 

Ал эми ЖАМКнын басма сөз кызматы Текебаевдин кабар алышканын, анын акыбалы жакшы экенин жана китеп окуу менен алектенип жатышканын билдирди.