2018-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Ж.Ш.Шабиров атындагы Республикалык окуу борборунда 23-сентябрь - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили күнүнө жана Кыргыз элинин Улуу жазуучусу Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Кыргыз тили нечен кылым карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан» аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү.

 

Конференцияга Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Ж.Ш.Шабиров атындагы Республикалык окуу борборунун жетекчилиги, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын башкы адиси Абдбыжапар уулу Муңдузбек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Терминологиялык комиссиянын төрагасы С. Мусаев, Кыргыз Республикасынын ИИМдин УКЭКБнын мамлекеттик тил бөлүмчөсүнүн башчысы Орозакунов Айбек, Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Ибраимова Гүльнара Үмөтбековна, Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынан У. Чанов, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу соттук экспертизанын мамлекеттик борборунун психологиялык жана лингвистикалык соттук экспертизалар бөлүмүнүн эксперти Сакбаев Нурлан Турсунбаевич, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук комитетинин котормо бөлүмүнүн улук адиси Шоруков Эрмек Нурбекович, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер Академиясынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Ж.Ш.Шабиров атындагы Республикалык окуу борборунун окутуучулук курамы катышты.


Бул иш-чарада Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында мамлекеттик тилдин өнүгүүсү жана Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча кеңири сөз, кызуу талкуулар болуп жана ИИМдин РОБдун Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча бекитилген мерчемине ылайык, Мамлекеттик тилдин денгээлин жогорулатуу максатында өтүп жаткан илимий-практикалык конференциянын катышуучулар өздөрүнүн сунуштарын киргизишти. Конференцияга Мамлекеттик мекемелерден жана ИИОнун кызматкерлери катышып, баяндамаларды жасашты.


Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын ишке ашырылышын жана кыргыз тилинин коомдогу ролун жакшыртуу максатында жакшы саамалыктарды жана көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү.


Конференциянын катышуучуларынын пикири боюнча бүгүнкү күндө тил маселесин чечүүнүн жана Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын иш жүзүнө ашырылышынын жолдорун биргелешип аныктоонун зарылдыгы бар экендиги аныкталды.


Конференциянын экинчи бөлүгүндө ИИМдин РОБдун курсанттары тарабынан Улуу жазуучубуз Ч. Айтматовдун “Биринчи мугалим” жана “Кылым карытар бир күн” чыгармаларынан үзүндүлөр сахналаштырылып коюлуп, конференциянын катышуучуларына жана РОБдун өздүк курамына көрсөтүлдү.