"Кант" абиазабазасынын  бир адамдын өлүмүнө себепкер болгон аскер кызматкери жасаган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши орус тарапка бериле элек. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, учурда иш Аламүдүн РИИБинин тергөө кызматына турат. 18-сентябрда Кыргызстандын ТИМи, ИИМ, коопсуздук Кеңеши жана Башкы прокуратурасы катышкан мекемелер аралык кеңешме болуп өткөн. Кылмыш ишин Россияга өткөрүп берүү маселеси толук чечиле элек, анткени мыйзамдуулукта бир катар нюанстар бар. 

 

Маселе тергөө амалдары соңуна чыккана чейин чечилет.