Кара-Кече көмүр кенинде Жылуулук электр станциясын куруу боюнча техникалык-экономикалык негиздемеси азыр кайда?

 

Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясынын кезектеги жыйынында Экономика тармактарын жана калкты 2018/2019-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө маселе каралып жатканда, депутат Кожобек Рыспаев ушундай собол салды. Тилекке каршы, бул суроого энергетиктердин бир дагы жооп бере алган жок.

 

«ЖЭБдин техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга 3 млн доллар жумшалган, эми анын кайда калганын эч ким билбейт, өтө таӊгалыштуу. Ушундай да мамиле жасоого болобу?», - деп таӊ калды депутат.

 

Андан тышкары, Улуттук энергохолдингдин башчысы Азамат Абдыкадыров өлкөнүн энергетикалык тармагын Өнөр жай жана энергетика комитетинин курамынан бөлүп чыгып, өз алдынча министрликке айлантуу зарылдыгын белгиледи.

 

«Ал эми Улуттук энергохолдингди жоюунун зарылгы жок, ал чарбалык башкаруу түзүмү катары кала бергени туура болот», - деп, ал энергетика тармагы боюнча даярдалган талдоо материалын парламенттин тармактык комитетинин кароосуна киргизүүгө даяр экенин кошумчалады.

 

Ал эми Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын иштетүү боюнча комитеттин төрагасы Кожобек Рысбаев андай материал болсо, комитеттин мүчөлөрү сөзсүз карай турганын билдирди.

 

Белгилей кетсек, буга чейин эле бир катар депутаттар өлкөнүн эӊ ири жана өтө маанилүү тармактарынын бири болуп саналган энергетиканы Өнөр жай жана энергетика комитетинин курамынан бөлүп чыгып, кайрадан өзалдынча министрликке айлантуу демилгесин байма-бай көтөрүп келишкен.