Каракол шаарынын тургунунан экстремисттик "Хуз ут-Тахрирдин" материалдары табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, ушул жылдын июль айында мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында иликтөөлөр жүрүп, Караколдун 1974-жылы туулган М. уулу М. аттуу тургунунун үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн. 

 

Ал учурда соттолуп, жатак-колониясына жаза мөөнөтүн өтөп жатат жана "Хизб ут - Тахрирдин" Караколдогу ячейкасынын башчыларынын бири болуп эсептелинет. 

 

Анын үйүнөн тыюу салынган эксртемисттик материалдар табылган. Учурда тергөө уланууда.