Кой-Таш айылындагы Сакан Бегматов атындагы орто мектептин директору окуучуга кол көтөргөнү үчүн кызматтан кетти. Буга Акыйкатчы институту себепкер болду. 

 

Аталган институттан билдиришкендей, айылдын жашоочусу 2018-жылдын май айында мектеп директору мугалимдердин жана окуучулардын көз алдында мугалимдер бөлмөсүндө 6-класстын окуучусун сабаган. Таяк жеген баланын ата-энеси Билим берүү жана илим министрлигине арыз менен кайрылышкан. Текшерүү иштери окуя болгонун тастыктап, директор сөгүш алуу менен чектелген. 

 

Андан кийин баланын энеси Акыйкатчы институтуна кайрылган. Аламүдүн райондук прокуратурасында аталган институттун демилгеси менен кеңешме өткөрүлүп, директорду кызматтан четтетүү чечими кабыл алынган.