Аламүдүн РИИБинин тергөөчүлөрү алты жаштагы кызды сабоо жана зордуктоого аракеттенүү фактысы боюнча териштирүү жүргүзөт. 

 

Жабырлануучу тараптын жактоочуларынын айтымында, кылмышка 13 жаштагы бала шектелип жатат. Жаш курагына ылайык, ал кылмыш жоопкерчилигине тартылбагандыктан, тергөөчүлөр алгач кылмыш ишин козгоодон баш тартышкан. 

 

"Жабырлануучу кыздын ата-энеси сотко кайрылышты. Кылмыш ишин козгоону талап кылышты. Кечээ сот тергөөчүлөрдүн аракетин мыйзамсыз деп тапты. Ошондуктан, жабырлануучу тараптын арызы боюнча эми кошумча териштирүу жүргүзүлөт", - деп билдирет жактоочулар. 

 

Айтымында, эгер кылмыш иши козголсо, жабырлануучу тарап сотко кайрылып, өспүрүмдүн үй-бүлөсүнөн материалдык компенсация талап кыла алат. 

 

Эске салсак, 20-июнда коомчулукка өспүрүм алты жаштагы кызга зомбулук көрсөтүүгө аракеттенгени тууралуу маалымат тараган.