Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы калкты каттоо Департаментинин бир катар өкүлдөрү сотко кайрылышты. Алар экс-бажы башчысы Кубанычбек Кулматовду кыргыз жарандыгынан ажыратууну өтүнүч келтиришкен. 

 

Арыз Биринчи май райондук сотунда каралат. 

 

Кулматовдун адвокаты Сергей Слесарев мындай талапка макул эместигин билдирди. 

 

"Кулматов Кыргызстандын жараны. Анын паспорту мыйзамдуу. Россиянын жарандыгы анда жок. Эмненин негизинде жарандыктан ажыратуу керек?" - деди адвокат. 

 

Экс-бажы башчысы учурда УКМКнын абагында кармалууда. Ал коррупциялык иш боюнча шектелип жатат.