Депутат Махабат Мавлянова азыркы кезде сасык тумоого, аллергияга, рак илдеттерине чалдыккандардын саны арбып баратканын белгилеп, курулуш материалдарын текшерүүнү сунуштады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында айтты. 

 

 Эл өкүлү анын себептеринин бири катары үйдүн ичин жасалгалоодогу айрым курулуш материалдарынын курамынын сапатында уулуу заттардын (формальдегид ж.б.) болушун атады. Ал айрым курулуш материалдарынын курамында уулуу заттардан 25% чейин жарандардын саламаттыгы жабыркап жатат деген эл аралык статистикалык маалыматтар бар экенин кошумчалады.

 

Депутат Махабат Мавлянова Кыргызстанда курулуш материалдарынын адам саламаттыгына зыяндуулугун текшерүүчү жабдуу жок экенин, мындай жабдуунун зарылдыгын баса белгиледи.