Баткен университетинин ректору аралашкан коррупциялык схеманын бети ачылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы тарабынан Баткен Мамлекеттик университетиндеги коррупция ачыкка чыгарылды. 2017-жылы БатМУнун мурдагы ректору Г.М. окуу жайынын башка бир катар кызматкерлери жана Кызыл-Кыя коллежинин, "Сулайман Тоо" музейинин жетекчилери менен биргеликте окуу жайда окуган дегизип бир катар студенттерге жасалма документ даярдашкан. Анын жыйынтыгында, БатМУга 59 студентти мыйзамсыз каттоого алышкан.
Факты боюнча кылмыш иши козголду. Баткен райондук соту мурдагы ректорду жана анын пикирлештерин 5 жылдан 7 жылга чейин шарттуу түрдө эркинен ажыратты. Ал эми БатМУну аяктады деген 39 студенттин диплому жокко чыгарылды.