"Кыргызстанда плагиат окумуштуулар арбын. Айрымдары көмүскөдөн көрүнөө чыга баштады, дагы чыгарыш керек, жалпы эл билсин, тийиштүү чаралар көрүлсүн", - деди депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында.
Айтымында, Жогорку аттестациялык комиссия жакталып жаткан диссертациялардын базасын жаап салышкан, бирок аны тезинен кайра ачуу керек.
«Россияда «Диссернет» шериктештиги бар, ал жакталган илимий иштер жаатындагы плагиаттык жосундарды таап чыгып, жалпыга жарыя кылууда. Жогорку аттестациялык комиссиянын жакталган диссертациялардын базасын жаап салышын кандай түшүнсө болот? Кандай илимий иштер жакталып жатканын жалпы журттан эмнеге жашырабыз? Демек, окумуштуулар өздөрүнүн жактаган илимий иштерин коомчулуктан жашыргысы келет экен да…», - деди депутат.