Ош жана Жалал-Абад аймактарында бир катар завод-фабрикалар ишин алдыга жылдыа албай турушат. Буга эки себеп бар: биринчиси чийки зат жетишсиз, экинчиден продукцияны сатууда кыйынчылыкка учурашат.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев билдирди.
“Мен Ош менен Жалал-Абадга барып, көрүп келдим. Ошто сүт чыгарчу эки завод бар, бирок, толук кандуу иштеше элек. Анткени, чийки зат да жетишпейт экен, анын үстүнө чыгарган продукциясын сата албай жатышат. Оорукана, бала бакча сыяктуу мамлекеттик мекемелер сертификаты бар, стандартка ылайыкталган атамекендик товарды алуунун ордуна, сертификаты жок башка жактан алынып келинген сүт алышат экен. Бул алардын патриоттук сезими жоктугун билдирет. Завод ээлери айтып жатышат толук кандуу иштесек салык төлөмдөрүн толугу менен төлөйбүз дешип. Бул мамлекетке пайда эмеспи”, - деди депутат.