Ош-Алай жолунун 6-чакырымында Таштак аттуу кыштак бар. Анда миң түтүн эл жашайт. Депутат Тынчтыкбек Шайназаров ушул айылдын элинин маселесин Жогорку Кеңеште көтөрдү.

 

Айтымында, таза суу бул айылда канча жылдан бери боло элек.

 

“Эл эгин суугарылчу сууну каналдан алып ичишет. Ар бир шайлоодо айыл эли таза суу маселесин коюшат. Алардын 70-80 пайызы КСДПга добуш беришкен, а бирок мага кайрылып жатышат. Мен өз көзүм менен көргөм, каналдан суу алып жашап жатышканын. Суу таза эмес, ар кандай жаман оорулар болуп кетиши ыктымал”, - деди депутат.