Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тынчтык Конушбаев жол салынып жатканын, бирок кемчиликтер да арбын экенин белгиледи.
“Көчмөндөр оюнуна карата бир катар жолдор бүткөрүлдү. Бул жакшы нерсе. Бирок, машине өтүүчү жол салынып, анын жанына жөө адамдар жүрүүчү тилке унутта калды. Көчмөндөр оюнунда туристтер чоң жол менен басып баратышты. Баха менен Түштүк Магистраль жолунун бүткөнүнө көп болду, бирок дагы деле жөө жүргүнчүлөргө арналган тилке жок. Окуу башталып, окуучулар машине өтүүчү жол менен мектепке каттап жатышат. Энелер балдарын коляскага салып алып, чоң жол менен бала бакчага барып жатышат. Кырсык болуп кетсе ким күнөөлүү болот?” – деген депутат өкмөттү ушул маселеге олуттуу кароого чакырды.