31-июлда УКМК кылмыш ишин козгоодон баш тартты. 

 

Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын жетекчиси Идрис Кадыркулов Белгизгейт чатагы боюнча маалымат берди. 

 

"УКМКга Белиз мамлекетинен Мегаком боюнча материалдар расмий келип түшпөгөнү аныкталды. Биздин кызматкерлер Музаканов менен Кенжешева Белизге атайын иш сапары менен барып, документтерди алып келген деген маалымат да тастыкталбады. Музаканов 18-декабрда Москва шаарына иш сапары менен барган. Кенжешева 2016-жылы Ташкентке гана барып келген. Алардын Белизге барбаганын мигранттарды каттоо системасынан алынды. Андан башка да кошумча булактар менен далилденди. Мунун баарын салмактап көрүп, комиссия УКМКга бул жаатта эч кандай расмий документ келбеген деп коллегиалдуу чечим чыгарды", - деди УКМКнын төрагасы. 

 

Эске салсак, "Ата Мекендин" бир катар депутаттары Мегакомдогу коррупцияга айыпталып, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев алардын айыбын ашкерелеген документтер Белизден келгенин жарыялаган.