Жогорку Кеңеш Жогорку соттун судьясынын ордуна дайындоого Жаңыл Мамбеталынын талапкерлигин кароодо. Жаңыл Мамбеталы экс-депутат Садыр Жапаровду соттогон. 

 

Депутат Жанар Акаев Жапаровдун соту тууралуу суроо узатты. 

 

"Ачыгын айтыңызчы, Садыр Жапаровду соттогула деген басым болгонбу?" - деди Акаев. 

 

Ж. Мамбеталы экс-депутатты соттогондо Акүйдөн эч кандай көрсөтмө болбогонун айтты. 

 

"Менде сиздерди алдайын деген ой жок. Андай көрсөтмө болгон эмес. Иш коллегияда каралган, райондук соттун чечими өзгөртүүсүз калттырылган. Садыр Жапаровго коюлган айып оор болчу. Арызданган тарап арызынан иштин кайсы бир бөлүгүндө гана баш тарта алса болот, а бирок баш тартканына карабай иш толугу менен каралууга тийиш эле", - деди талапкер.