Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кайрадан кыргыз тилинен тест тапшырабы, же жокпу, азырынча так аныктала элек. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Белгилей кетсек, маалымат каражаттарынын бири мэрдин сөзүнө таянып, анын тесттен кайра өтүүгө макул болгонун жарыялашкан.
Бирок, бул маалымат басма сө кызматтын кемчилигинен улам кеткени белгилүү болду. Суракматов азырынча тестти тапшырууга камдана элек. Мэрияга БШКдан тесттен кайра өтүү сунушу келген, бирок, ал карала элек.