Кыргызстандык спортчу Эрбол Бакиров дүйнө чемпионатында жаштар арасында грек-рим күрөшү боюнча чемпион болду. Бул тууралу күрөш биримдигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, чемпионат 17-сентябрда Словакиянын Трнаве шаарында башталган.
55 кг салмактагылар арасында спортчу Нуртазин Керимберди уулу Сауд Арабиясынан келген спортчуну. андан кийин азербейжандык спортчуну жеңип, бирок Ирандан келген Мухаммед Насерпурудан жеңилип калган.
65 кг салмактагылар арасында Эрбол Бакиров АКШ, Армения, Германия жана Россиядан келген спортчуларды артка калтырган. Чечүүчү кармашта египеттик Ахмед Мухаммедди утуп, алтын медалга ээ болду.