Лебединовка айылында жайгашкан "Арзу" кафесиндеги өрт боюнча кылмыш иши козголгон жок. Анткени, атайын өрттөө боюнча кылмыш белгилери табылбады.
ИИМдин маалыматына караганда, экспертизанын жыйынтыгы азырынча даяр боло элек. Бирок, алдын ала алынган маалыматтарга караганда, өрт ашканадан башталган. Анын себеби электр жабдыктарына этиятсыз мамиле болушу толук ыктымал.
Аталган кафедеги өрт эки миң чарчы метрди жалмаган.