Ош шаарындагы бийик кабаттуу үйдүн терезесинен энеси менен кулаган баланын акыбалын дарыгерлер туруктуу оор деп мүнөздөшүүдө. Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, жети айлык бала айкалышкан жарааттарды алган. Ага операция жасалган, бирок акыбалы оор бойдон калууда. 

 

"Дарыгерлер баланы аман сактап калуу үчүн күрөшүп жатышат. Энесинин акыбалы туруктуу, анын бели сынган. Аны да операцияга даярдап жатышат", - деп билдирди министрлик. 

 

Окуя 6-сентябрда болгон. 40 жаштагы аял жети айлык баласы менен 4-кабаттан секирген.