Ат-Башы районундагы айылдардын биринин айыл өкмөт башчысы УКМКнын коррупцияга каршы күрөш кызматынын кызматкерлерине пара алып жатып кармалды. 1968-жылы туулган Б.А.аттуу айылдык кеңештин төрагасы 15 миң сом алган.
Кармалган жаран аймактык электрдик компаниянын кызматкеринен 20 миң сом талап кылган. Акчаны бербесе аны абоненттерден акча талап кылган деп айыптап, жогорку жакка билдирем деп коркуткан.
Факты боюнча Нарын облустук прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголду. Кармалуучу абакка киргизилди.