КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина менен "Ата Мекендин" лидери Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Кеңештин жыйынында кайым айтышты.
Шыкмаматов жыйынга УКМКнын өкүлдөрүн чакырып, Белизгейт боюнча маалымат берүүсүн талап кылды эле, Карамушкина капталдан чыкты.
"Эмнеге атамекенчилер бирдеме болсо эле кыйкырып чыга калышат? Алардын көбүн Атамбаевдин убагында бекер эле бошотушуптур. Акыр аягына чейин коррупциялык иштери үчүн отурушса болмок. Мен деле буга дейре УКМКга, прокуратурага кайрылып, маалымат берүүсүн талап кылгам. КСДПнын өкүлдөрүнө карата тергөө жүрүп жатат, мен деле процесс кандай болуп жатканын билгим келет. КСДПнын өкүлдөрүн камашканда биз кыйкырып чыкпадык го. А "Ата Мекен" дайыма эле өздөрүн байкуш көрсөтө беришет", - деди Карамушкина.
Албетте, Алмамбет Шыкмаматов жооп бербей коюуга кармана албады.
"Мына ушундай депутаттардан улам бийлик жолунан жаңылды. Эл өкүлдөрү акты карадан айырмалай алышпайт. КСДПнын мүчөлөрү биринчилерден болуп УКМК бул жакка келип, отчет берсин деп айтса жарашмак", - деди ал.
Ал эми Ирина Карамушкина өзү жана партиясы үчүн жооп берээрин белгиледи.