Талас шаардык-райондук билим берүү бөлүмү калаадагы сегиз мектепти ата-энелердин каражатынын эсебинен боз үй сатып алууга милдеттендирип жатканын жергиликтүүлөр айтып чыкты. Ушундай тапшырма берилгенин айрым директорлор да ырастады. Ал эми шаардык-райондук билим берүү башкармалыгы мектеп директорлорун боз үй сатып алууга мажбурлабаганын айтууда.
Талас шаарындагы Раиса Рысакова атындагы №2 орто мектептин 3-классынын окуучусунун атын атагысы келбеген чоң апасы мектепке боз үй сатып алууга ата-энелерден каражат топтолуп жатканына нааразы. Анын айтымында, 1400 окуучусу бар бул мектептин ата-энелери боз үйдү сатып алып, аны жасалгалоо үчүн 50 сомдон чогултмай болушкан:
- Мектептин директору "алышыбыз керек" деп ыйлап атпайбы. 30 сомду боз үйгө, 20 сомду ички жасалгалоого чогултмай болдук.
Дагы бир ата-эне боз үй сатып алуу демилгеси кайдан чыкканын түшүнбөй бушайман. Ал өз суроосуна мектеп жетекчилигинен оң жооп ала алган эмес.
- "Боз үй баланча сом болот, ошону ата-энелердин акчасына алабыз" деди. Бул боз үй каяктан чыга калганын да билбейбиз. Боз үй азыр мектептерге тигилип калган.
Эми акча сурап жатышат.
Мындай тапшырма Талас шаардык-райондук билим берүү бөлүмү тарабынан берилгенин шаардагы Абжалбек Чолпонкулов атындагы №1 мектептин директору Самара Жарманбетова ырастады:
- Негизи бул демилгени шаардык-райондук билим берүү бөлүмү көтөргөн. Августтагы конференцияда бала бакчаларга таратылган. Бизге кийинчерээк "силер деле албайсыңарбы" деп сунуштады. Акчаны чогултууга сентябрдын аягына чейин мөөнөт берилген. Тигип койгондон кийин акчаны чогултуп бербесек уят го…
Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Байыш Керимбаев мектеп директорлорун боз үй сатып алууга мажбурлабаганын айтып, ким боз үйдү сатып алууну каалабаса артка кайтарууга болот деп ишендирүүдө.
Боз үй жасап саткан Нарындагы "Этнотрейд" компаниясынын өкүлү Камчыбек Замирбеков боз үй артка кайтарылбай турганын айтты.
Билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги мектеп, бала бакчаларга боз үй тигүү менен улуттук каада-салтты жайылтууну максат кылып жатышканын айтууда. Азыркы тапта боз үйлөр Таластагы сегиз мектеп менен сегиз бала бакчанын короосунда тигилип турат.