Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Замира Сыдыкованын уулу Тенгиз Сыдыковдун соту 25-сентябрга белгиленди. Эске салсак, Тенгиз Сыдыков Америкада курал сатууга шектелип кармалган. 

 

АКШнын Виржиния штатынын Александрия шаарынын сотунун сайтында маалымдалгандай, кыргызстандыктын ишин судья Томас Эллис карайт. 

 

Тенгиз Сыдыков ушул жылдын 27-февралында кармалышкан.