Россиянын Рязан облусунда бараткан кичи автобус кырсыкка учурап, столбаны сүзгөн. Анын ичиндеги жүргүнчүлөрдүн баары Кыргызстандын жарандары экенин орус жергиликтүү басылмалары жазышууда.
Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, айдоочу рулду башкара албай калган. Кырсыктан бир адам каза таап, дагы беш адам ар кандай жарааттарды алышты.
Маалым болгондой, окуя кечээ, саат 5:30дар чамасында болгон. Ичинде кыргызстандыктар отурган кичи автобус Самарадан Москваны көздөй бет алган. Трассанын 198-чакырымында столбаны сүзгөн. Кырсык болгон учурда автобуста Кыргызстандын сегиз жараны болгон.
Учурда окуя болгон жерде полиция кызматкерлери иштеп жатышат. Эки жабырлануучу ооруканага жеткирилип, калгандарына медициналык жардам жеринде көрсөтүлгөн.