Германиянын Берлин шаарында Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган адабий кече жана сүрөт көргөзмөсү өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө жазуучу-айтматовед, адабий сынчы Ирмтрауд Гучке жазуучунун чыгармачылыгы туурасында кеңири баяндама жасап, бир катар суроолорго жеринде жооп кайтарды. Кыргыз элчилиги тарабынан уюштурулган сүрөт көргөзмөсү купулга толуп, кайталангыс калемгердин талантын сыйлагандарды эч кайдыгер калтырган жок. Коноктор дагы Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк адабиятка жана жааш муунду тарбиялоого кошкон өзгөчө салымын абдан баса белгилешти.
Иш-чаранын аягында Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилигинин өкүлдөрү меймандарга терең ыраазычылык билдирип, 2018-жылдын октябрь айынын башында Кыргыз Республикасында кеңири белгилене турган “Чыңгыз Айтматов жана азыркы замандын көйгөйлөрү” эл аралык Ысык-Көл форуму жөнүндө кеңири айтып беришти. Бул иш-чарага Герман жазуучулары, сынчылары жана илимпоздор пбдпн активдүү катышышты.
Булак: “Майдан. kg” гезити