Бугүн КСДП фракциясынын жыйыны болуп, күн тартибинде КР акыйкатчылыгына талапкерлерди аныктоо маселеси болду. Депутаттар экс-вице-премьер-министр Токон Мамытовдун талапкерлигин бир добуштан колдошту. 

 

Парламент Кыргызстандын акыйкатчысын шайлоо алдында турат. Ар бир фракция үчтөн ашпаган талапкер сунушташат. Алар жалпы депутаттардын добушуна коюлат. Азырынча Канатбек Азиз, укук коргоочу Рита Карасартова, Молдакун Абдылдаевдердин акыйкатчылыкка талапкер болоору белгилүү.