Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы элчилиги Ош облусуна караштуу дүлөй балдар үчүн Кара-Суу жалпы билим берүүчү атайын мектеп-интернатында кайрымдуулук акциясын өткөрдү.
Бул иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы элчиси Гульнара Искакова интернаттын окуучуларына зарыл бардык буюм-тейимдерди – 100дөн ашуун жылуу-жумшак төшөктөрдү тартуулады. Айтмакчы, бул кайрымдуулук акциясына каражаттарды Лондондогу элчиликтин кызматкерлери жеке каражаттарына сатып алышкан. Мындан тышкары ар кандай улуттук буюмдарды жана сувенирлерди кайрымдуулук жармаңкелеринде сатуу аркылуу дагы топтошкон.
- Аталган кайрымдуулук жарманкелердин өткөрүлүшүнө жана жетиштүү каражаттардын чогултулушуна Улуу Британияда убактылуу жашашкан айрым студенттер жана башка дагы Кыргыз жарандары жардам көрсөтүштү. Ошондуктан, бул дүлөй балдар үчүн Кара-Суу жалпы билим берүүчү атайын мектеп-интернатында эмгектенишкен мугалимдерди жана билим алышкан окуучуларды Билим күнү жана Жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктаймын! Болочок муундарын тарбиялоодо мугалимдердин түйшүгү ат көтөргүс! Ошондуктан, эмгекке жана билимге дайымы бекем умтулгула, сөзсүз утасыңар! – деди Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Элчиси Гульнара Искакова.
Баса, бул иш-чараны уюштурууга Кыргызстандын түштүк аймактары боюнча Тышкы иштер министрлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары К.Маматалиев баштаган кызматкерлери жакындан жардам беришти.
Булак: “Майдан. kg” гезити