Баткен районунда 1,5 миң гектар аянтты сугарганга мүмкүнчүлүк түзгөн чоң ирригациялык каналдын курлушу башталды. Анын ачылыш аземине Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев, Кытай инвесторлору жана жергиликтүү тургундар катышышты.
- Каналдын курулушу жалпы жонунан 500 миллион сомго бааланды. Узундугу 46 чакырым. Ал туруктуу ишке түшсө, Баткен районуна караштуу Дара жана Төрт-Күл айыл өкмөттөрүнүн миңдеген аянттарын суу менен туруктуу камсыз этмекчи. Канал Кытай Эл Республикасынын кайтарымсыз грантынын эсебинен курулумакчы, - деп кошумчалады Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев.
Айтмакчы, аталган каналдын курулушу үч жыл аралыгында толук аяктайт. Жумушчулардын 80 пайызы – жергиликтүү тургундар. Булардын орточо айлыгы 15 миң сомдон 28 миң сомго дейре. Бул канал пайдаланууга тапшырылгандан кийин секундасына 4,5 кубометр суу айдамакчы.
Булак: “Майдан. kg” гезити