Ысык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөрүлгөн маданий сынактардын жүрүшүндө Баткен облусу “Көркөм сүрөт” номинациясы боюнча республикада 1-орунга татыды.
Ал эми “Театрлаштырылган каада салт” номинациясында көп улуттуу Баткен облусунун улуттар аралык ынтымагын жана ар улуттун каада салтына болгон урмат-сый мамилесин чагылдырып 2-орунду ээледи. Улуттук тамак аштардын түрүн байма-бай белендеп, “Гүлазык” номинациясында дагы 2-орунга арзыды. Улуттук кийим-кечелер сынагында 3-орунга, “Элдик каада салт” боюнча 2-орунга ээ болду. Мындан тышкары чоң сынактардын алкагында өткөрүлгөн кичи сынактар “Камчы өрүүдө” 2-орун, “Жүк жыюуда” 2-орун, “Терме терүүдө” 3-орун, ”Саркеч кийимдер” боюнча 3-орун ыйгарылды.
Баса, 8 номинация боюнча сыйлыктар менен кошо 150 миң сом атайын сыйлыкты Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттаровага биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тапшырды.
Булак: “Майдан. kg” гезити