Өмүрбек Текебаев дарыланып жаткан жеринен абакка жеткирилди. Бул тууралуу анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди. 

 

"Дарыгерлер Текебаевдин үзгүлтүксүз медициналык камкордукка муктаж экенин айтышты. Аны абакка которуу эртелик кылат дешкен. Абакта тийиштүү медициналык жардам алууга шарт жок. Бирок, ЖАМК калганын абактан дарланат деп которуп салды", - дейт адвокат.

 

Өмүрбек Текебаевдин калкан безинен залалдуу шишик табылган. Ага дарыгерлер тез арада операция жасоо керектигин айтышкан. Бирок, экс-депутат андан баш тарткан. Учурда анын саламаттыгы жакшырбаганы, акыбалы туруктуу эместиги адвокатынын айтымынан белгилүү болду.