Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын “Кино анимация” боюнча 6-жыйынынын алкагында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кино күндөрү  “Манас” кинотеатрында 2018-жылдын 13-16 сентябрында өтөт.

 

 13-сентябрда  Кино күндөрүнүн ачылыш аземинде  Азербайджан, Казахстан, Кыргызстан жана Түркиянын парламенттеринин депутаттары, маданият министрликтеринин жана дипломатиялык мекемелеринин өкүлдөрү, маданият ишмерлери, кинорежиссёрлор, аниматорлор жана башкалардын катышуусу менен өтөт.

 

 Көрсөтүүлөрдүн программасына ылайык Азербайжандын “Кызыл бакча”, Казахстандын “Оралман”, Кыргызстандын  “Түнкү кырсык”, Түркиянын  “Буудай” жана “Айла” көркөм тасмалары тартууланат.

 

Башталышы саат 18:00. Кирүү акысыз.