Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тынчтык Шайназаров жакында Ош облусунда болгон окуяны эске салды. 

 

"Ош облустук прокурорунун орун басары өзүн асып алды деген маалымат тарады. Туугандары үйүнүн короосунан асынган абалда табышыптыр. Бирок, бул ишти тыкыр иликтеш керек. Аны өлүмгө эмне жеткирди, себептери ачыкка чыгышы зарыл", - дед депутат. 

 

Ал парламенттеги президенттин өкүлүнө бул ишти иликтөөгө Башкы прокуратурага тапшырма берүүсүн суранды.