10-сентябрда Ош шаарында Ош облусунун прокурорунун орун басары Төрө Кожошевдин жансыз денеси табылды. Маркумдун денесин 10-сентябрда эртең менен өзүнүн үйүндө асылып турган жерден табылган. Бул фактыны Башкы прокуратурадан тастыкташып, маалыматтар такталып жатканын билдиришти. Ал эми Ош ОИИБдин билдирүүсү боюнча, милицияга 10-сентябрда саат 9:30да кабар түшкөн. Учурда Кара-Суу РИИБ менен Ош ОИИБден жөнөтүлгөн 2 топ окуя болгон жерде иштеп жатышат. Маркум Төрө Кожошев Кара-Суу районунун Фуркат айылда жашап жаткан. Анын артында 5 баласы калды. Айрым маалыматтар боюнча, прокурордун орун басары өз өмүрүнө кол салышы мүмкүн. Кошуналарынын айтымында, учурда маркумдун денеси табылган үй жабык турат. Ал атасынын үйүндө - Кара-Суунун Баш-Булак айылында акыркы сапарга узатылат. Ооба, азыркы башаламан заманда суицид же өз өмүрүнө өзү кол салган учурлар деле таң каларлык болбой калды. Адистер андай трагедиялардын себебин жашоо-турмуштун оордугу, банктардан алган карыз жана мектеп окуучулары менен студент курактагылардын курбуларынан ыза көргөндүгү менен байланыштырып келишет. Ал эми прокурордун, болгондо да облус прокурорунун орун басарынын өз өмүрүнө кол салуусун (эгер ушул божомол чын болсо) жашоо-турмуштан кыйналгандыгы же башка материалдык кыйынчылыктарга байланыштырууга болбостур. Болгондо да маркум артында эч кандай кат калтырып кетпегендиги өлүмүнүн табышмактуу жагдайын ого бетер татаалдантууда. Андыктан Кыргызстандын Сицилиясына айланган Оштун прокурорунун орун басарынын өлүмү жумушуна эле байланыштуу болсо керек.
Булак: “Майдан. kg” гезити