Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Касымалиева жакында Чаткал районуна барып, шайлоочулар менен жолугушуп келгенин айтты. Ал райондогу оорукана жана мектептердин акыбалы кейиштүү экенин билдирди.

 

"Оорукананы көрсөң ыйлагың келет. Полу тешилип калган. Ошол жерде оорулуулар дарыланып жатышат. Чаткалдын өнүктүрүу фонду 100 миллион сомду түзөт экен. Ал бай райондордун бири, жеринде алтын казуучу компаниялар көп. Бирок, социалдык мекемелери оңдолбоптур. Ошондуктан, район акимине берилчү суроо көп", - деди депутат. 

 

Ал жергиликтүү  тургундардан акимдин ишине кримчөйрөнүн өкүлдөрү да аралаша турганын укканын кабарлады. 

 

"Азаттыктын" Чаткалдагы коррупция боюнча көрсөтүүсү эфирге чыгаардын алдында аким райондун жарыгын өчүртүп таштаптыр. Эмнеге андай кылды? Өзүнүн эмне кылып жатканын эл билбесин дегениби?" - деп суроо салды депутат. Ошондой эле акимдин ишин ушуну менен калтырбай, иликтей турганын да айтты.