Кыргызстанда аз саат менен иштеген мугалимдердин кыскартылуугу дуушарлануусу эл өкүлүн нааразы кылды.  Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Евгения Строкова билим берүү тармагы кыйын абалга кептелип калгандыгына токтолду.

 

Айтымында, республика боюнча 3000 мугалим кыскартылууга учураган. 

 

"Алардын сааты башка мугалимдерге бөлүнүп берилген. Натыйжада, калган мугалимдердин саатынын үстүнө саат кошулуп, аларга кошумча жүк жаралды. Кесиби башка предметтен болгон мугалим такыр башка предметтен сабак берүүгө аргасыз болууда. Бул эмне деген башамаландык?" - деп суроо салды эл өкүлү.